Өлкөдө нандын баасына убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизилди

Өлкөдө нандын баасына убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизилди

06-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Кыргызстанда нандын баасына убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизилди. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

«8-сентябрдагы “Социалдык маанидеги товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу” токтомуна ылайык, социалдык мааниге ээ нанга жана нан азыктарына баалардын өсүшүнө жол бербөө, алардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, өлкө аймагында биринчи сорттогу ундан жасалган (бөлкө нан), нан азыктарына (тандыр нан) бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» буйругу чыкты»,- деп айтылат маалыматта.

Булак: Аргумент кж