Өлкөдө мамлекеттик дарыканаларды ачуу каралууда

Өлкөдө мамлекеттик дарыканаларды ачуу каралууда

14-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Саламаттыкты сактоо министрлиги мамлекеттик дарыканаларды ачууну мерчемдеп жатат. Бул туурасында министр Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Айтымында, 2021-жылы өлкөдө социалдык дарыканалар ачылган. Анда жеке менчик аптекаларга салыштырмалуу дары-дармектердин баасы төмөн.

«Ал дарыканаларда пенсионерлер үчүн зарыл болгон дары-дармектер бар. Келечекте биз мамлекеттик дарыканаларды ачууну пландап жатабыз», — деди ал.

Социалдык аптекалар Ош менен Жалал-Абадда эле бар. Мен кызматтан кеткенде мындай дарыканаларды ачуу токтоп калган. Каржылоо мамлекеттен болбойт, биз дарыканалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, дары-дармектердин баасы жеткиликтүү болот.

Булак: Аргумент кж