Өлкө экономикасы артка кетти

Өлкө экономикасы артка кетти

22-тогуздун айы, 2019-ж // //

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунун натыйжаларын анализдеп сынга алды. Депутат өлкөбүздүн аталган уюмга кошулганына 4 жылдын жүзү болгонун белгилеп, акыркы 8 айдын жыйынтыгы боюнча талдоо жүргүзгөнүн билдирди. Ал өз сөзүндө 8 айдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын экспорту төмөндөп кеткенин айтты. Республика боюнча өнөр жайдын флагманы болгон кийим тигүү тармагында экспорт 60 пайызга азайган. Ал эми сыртта жүргөн мигранттарыбыздын акча которуусу 10 пайызга төмөндөгөн.
Булак: Фабула