Олигарх Исхак Пирматов Кыргызстанга келсе камалабы?

Олигарх Исхак Пирматов Кыргызстанга келсе камалабы?

20-бирдин айы, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

Бакиев доорунан баштап байыган Исхак Пирматов бир топ убакыттан тарта Америкада бизнес жасап жүрөт. 2010-жылдан бери улам келген бийликти колго алып, депутаттык креслодон түшпөй келген. Эки достун доорунда ташы өйдө кулабай, бир жолу камалып, “кусуп” чыкканы белгилүү. Жаңы бийликти алдай албай койгону коллегалары ичинен талкуу жараткан эле. Учурда чет жерде баш калкалап, Кыргызстандан чыгарып кеткен миллиондору менен бизнесин өркүндөтүп, ээндеп калгандай. Эгерде мекенине кайтса, кай бир маалыматтар боюнча камалары, кайрадан “куса” турганы бүйүр кызытууда. Мурда билинбеген кыңыр иштери, былыктары чыга баштаса керек. Нефтебазаларды, гектарлаган жерлерди менчиктегени, көптөгөн кымбат баалуу мүлктөрүнүн тизмеси да табылганы ачыкталабы? Убагында Албек Ибраимов, Икрам Илмиянов ж.б. төбөлдөр менен коррупциялык иштерге барды беле? Бул жагынан да иликтөөлөр тымызын жүргүзүлгөнү эмнеден кабар берет? Сыягы, оңой келген байлык жөн жаткызбаганы ушул окшойт. Артынан кыйла чуулгандар чыкчудай…

«Азия Ньюс» гезити