Коом

Окуучулар 50 сомдон чогултуп, сойкуканага барып, оору жугузушту

Акыркы учурларда жыныстык алсыздык күч алганы байма-бай айтыла баштады. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Ош облустук адам репродукциясы борборунун дарыгери, уролог, андролог Абдырашит Акынбеков эркектер нике түндөгү «ишти» дагы аткара албай жатканын айтып берди.

«Мына, бизге бүгүн 45ке жакын кайрылуу болду. Анын басымдуу бөлүгү простатит оорусу менен балалуу болбой кайрылгандар. Акыркы учурларда эркектердин жыныстык алсыздыгы боюнча кайрылгандар көп. Бизде каттоо журналы бар. Азыр ушул журнал 1 жылда толуп калды. Мындан 20 жыл мурда нике түндү аткара албай калдым деп 1 жылда 1-2 эркек кайрылчу. Акыркы 1 жылда мага нике түндү аткара албай 101 эркек кайрылды. Бул мага эле кайрылгандары.

Бул эркектердин үй-бүлө куруудагы маалыматы жоктугунан улам болуп жатат. Эркектердин жыныстык органдарынын жетилиши, жыныстык органдардын гигиенасы тууралуу маалымат берилбейт. Жаш балдар жыныстык катнаш тууралуу көчөдөн, дос-жородон, интернеттен маалымат алышат. Ар ким өзүнүн түшүнүгүнө жараша багыт алып бара берет. Анан ушунун кесепетинен улам ушундай абал болуп жатат. Бул өтө көйгөйлүү маселе. Жаштар – биздин келечегибиз. Бирок биздин жаштардын келечеги ушундай деңгээлге түшүп жатат. Азыр ушундай болсо, 3-4 жылдан кийин дагы көбөйүшү мүмкүн», – деди ал.

Эркектердин бул илдеттерге кабылышына насыбайдын таасири чоң.

«Эркектердин мындай өнөкөттөр менен кайрылышы насыбай чеккенден болуп жатат. Азыркы мезгилде, айрыкча Ошто насыбай чегүү модага айланып калды. Себеби эң арзан, эң көп сатылган насыбай болуп калды. Анын бир баштыкчасы 10 сом экен. Мектептеги окуучулар дагы колдонуп жатат. Мындан 3 жыл мурда Ошто сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө, жогорку класстагы окуучулардын көпчүлүгү пайдаланат экен.

Алардын арасында окуучу кыздардан 3% насыбай колдонот экен. Кыздарыбыз ушундай жолго барып жатса келечекте кандай эне болот? Бул насыбай өтө уулуу. Курамында 400дөн ашуун уулуу зат бар. Ал оозго салынганда кан тамырга тийип, кан аркылуу бардык жерге 3-4 мүнөттө тарап кетет», – деди ал.

Уролог насыбайга тыюу салуу керектигин айтты.

«Насыбайды жок кылууга бир нече аракеттер көрүлдү. Бирок ал ишке ашпай калды. Президентке кайрылып, бул нерсеге чекит коюлушу керек. Ага каршы болгондор дагы болду. Насыбайды түп-тамырынан жок кылса, бул маселе чечилет.

Бизде өспүрүмдөрдүн ден соолугун кароо боюнча токтом бар. Анда ар бир жаш жубай үй-бүлө, нике курардан мурда адам репродукциясы борборуна келип, акысыз кеңеш алып үйлөнсүн деген пункт бар. Андрологдон кантип нике түндү аткаруу керектиги тууралуу кеңеш алат. Жыныстык режимдер кандай болушу керек деген кеңештер берилет. Үй-бүлөнү пландаштыруу, бала күтүү сыяктуу кеңештерди алат. Кыз балдар келсе биздин гинекологдор карашат. Өспүрүмдөрдү медициналык жактан текшерүү керек болсо текшерилет.

Азыр үй-бүлө кургандан кийин маселе көп жаралып жатат. «Үйлөнгөнүмө аз эле болду, заара каналы ачышып жатат» деп кайрылгандар бар. Ошолордун бардыгын сураштырып келгенде эркек балдардын көбүрөөк күнөөсү табылат. Мисалы эркек балдар жыныстык катнашты эрте баштап жатат. Балдар 12-13 жашта аралашып жатышат.

Мага бир кайрылуу болгон. Бир мугалим 7 баланы алып келди, мектеп окуучулары. Алар 50 сомдон топтоп, бир кызга барышкан. 7 бала 1 кызга барышыптыр. Алардын ичинен 2 бала ооруп калган. Аны мугалим байкап калып, бизге алып келген. Алардын эң жашы 6-класста болсо, эң улуусу 9-класста экен.

Жугуштуу оорулардын бир нече түрү бар. Алардын айрымдары гана билинет. Калгандары билинбей жүрө берет. Үйлөнгөндөн кийин аялына жугузат. Анан жубайын ээрчитип алып бизге келишет. Жаңы үйлөнүп, дарыгерге кайрылган бул өтө коркунучтуу. Үйлөнгөндөрдүн көпчүлүгү үйлөнөрү менен ден соолугу менен алышып калууда», – деди ал.

Төшөк алсыздыгы менен кайрылган адамдар жашарып бара жатат.

«Мага 1 күндө 6 бала кайрылса, анын эң улуусу 35 жашта, эң жашы 22 жаштагы балдар. Алар төшөк алсыздыгын айтып кайрылышкан. Мен алардын бардыгын топтоп, сүйлөшүү жүргүздүм. Келген балдардын бардыгы насыбай колдонот экен. Бир күндө 30 жолу насыбай колдонгондору дагы кезикти. Эң азы 10-15 жолу колдонот.

Бүгүн 6 адам кайрылса, кийинки жылы 10 адам кайрылса, биздин келечек эмне болот? Биздин келечек деген жаштарыбыз насыбай колдонуп жатса, кайдагы келечек? Тамекинин, насыбайдын сыртына жыныстык алсыздык, бала өлөт деген жазуулар турса дагы ага карабастан пайдаланып жатат. Тамак катары пайдаланып калышты. 100 адам тамеки чексе, андан 85% рак илдетине кабылат деп жазылып турат. Бирок андан сабак албай жатабыз», – деди уролог.

Турмуш.кж

1 Comment

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *