
Өкмөт жол курууга 84 жаңы техникаларды сатып алды
21-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваТранспорт жана коммуникациялар министрлигине 84 даана жаңы атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Техникаларды салтанаттуу тапшыруу аземинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев мамлекет башчынын тапшырмасы менен Министрлер кабинети жол тармагын өнүктүрүү, материалдык-техникалык базасын жаңылоо жана жакшыртуу максатында тиешелүү министрликке техникаларды алуу үчүн республикалык бюджеттен тийиштүү каражат бөлүнгөнүн билдирди.
“Мындай техниканын ишке кириши биздин жолдорду, инфраструктураны жакшыртууга жана коопсуздукту жогорулатууга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн ушул техниканы натыйжалуу колдонууну жана ага аяр мамиле жасоо аркылуу туура иштешин камсыз кылуу зарыл”, — деди Төрөбаев.
Ар бир чакырым жол – адамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын белгилеген Бакыт Төрөбаев быйылкы жылы жол тармагында аткарыла турган айрым иштерди кошумчалады.
Булак; Аргумент кж