
ӨКМ: Сутка ичинде өлкө аймагында 14 өрт кырсыгы катталды
16-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваКыргызстанда бир сутканын ичинде өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган (Бишкек шаарында 1, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 6, Чүй облусунда 3, Нарын облусунда 2, Талас 1 өрт кырсыгы катталган). Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон.