Өгөй энеме же кайненеме батпай, кайда барам?
04-баш оона, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваТурмушка чыкканыма 8 ай болду. Күйөөм менен урушуп, төркүнүмө кетип
калгам. Алты айлык кош бойлуумун. Күйөөм ата-энеси бир жакка кеткенде эле жазып, чалып, «жолугалы» деп калат. Кечээ жолугуп, бүгүн кайра дайынсыз. Жүктөрүмдү кайненем алып келип берген. Эми таежемдер «сени алып барабыз, кечирим сурап кой» деп жатышат. Күйөөм болсо чечкиндүү эмес. Үйдө өгөй энем батырбайт… Сураныч, кеңеш бериңиздерчи?
Айдана