
Нью-Йоркто Садыр Жапаров менен Рахмондун жолугушуусу болду
20-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваПрезидент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуу БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында өткөн.
«Өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын жана келечегин талкуулашты. Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерине өзгөчө көңүл буруп, башка темалар боюнча да пикир алмашты», — деп айтылат маалыматта.
Булак: Аргумент кж