Нуржигит Кадырбеков Мадумаровду коргоого чакырды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков депутат Адахан Мадумаровду коргоого чакырды.

Анын айтымында, президенттин мындай саясатын колдобойт. Ал мамлекет башчысын башка учурда колдой турганын билдирди.

«Сиздики туура, сиз айткандай болот деген саясаттын арты жакшылыкка алып келбейт. Мамлекет башчысын колдошубуз керек, бирок мындай жол менен эмес. Өсөр элдин балдары бири-бирин колдойт, өспөс элдин балдары бири-бирин кордойт дейт. Эгерде бул маселе көтөрүлө турган болсо, көп суроолорго жооп бериш керек болот. «Кылмыш ишинин мөөнөтү эскирип кетүү деген бар, бул киши документке качан кол коюп берген? Андан бери канча бийлик өттү, эмне үчүн силер козгоп жатасыңар?» деген суроого кантип жооп беребиз», — деди Кадырбеков.

Аргумент.kg