Нуржигит Кадырбеков: “Бааны негизсиз кымбаттаткандарды жазалоо керек”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңештеги «Ыйман нуру» фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков товарларынын баасын негизсиз көтөргөн ишкерлерге кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

«Совет доорунда спекуляция үчүн кылмыш беренеси бар болчу. Аны кайра алып келүүгө убакыт келди окшойт. Азыр экономикалык каатчылык келе жаткандыктан, айрым ишкерлер эч себепсиз эле товарлардын баасын көтөрүп жатышат.

Алар жөн гана арзан сатып алып, кымбат саткысы келет. Муну жазалаш керек», — деди ал.

Аргумент.kg