Нурсултан Назарбаевдин кызы жана күйөө баласы Кыргызстанга учуп келдиби?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Нурсултан Назарбаевдин кызы Динара Назарбаева жана анын жолдошу Тимур Кулибаев отурган учак Кыргыз өлкөсүнө учуп кеткени айтылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып, учактын багытын көрсөткөн сүрөттү жарыялашты.

Кийинчерээк учактын багыты өзгөргөнү, ал Бишкекке эмес, Балхашка бара жатканы айтылды.

Белгилей кетсек, бүгүн, 5-январда казак өкмөтү отставкага кетти. Бирок эл дагы деле тынчтана элек, башаламандык дагы деле уланып, бир катар имараттарды басып алышты.

Булак:Супер.кж

Аргумент.kg