Нурлан Мотуевдин үстүнөн арыз жазган кыз: «Аялы жаздырган арызды кайрып алам»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

7-февралда Бишкектин Свердлов райондук милициясына Нурлан Мотуевге карата арыз түшкөнүн билдиришкен. Маалыматка караганда, кыз өз арызында өткөн жылдын август айында ал үйүнө алдап алып келип, жыныстык катнашка барганын билдирген. Факты каттоого алынып, экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери башталган болчу. Өзүн жабырлануучу катары тааныштырган Эсфирь Касымова дал ошол окуя боюнча редакцияга кайрылып, айтып бере турганы бар экенин билдирди.

«Аялы билип калат деп кача баштады. Башка кыздарга Мотуевдин залакасы тийбесин деп ачыкка чыктым. Менин Нурлан Мотуевге капачылыгым, дооматым жок. Анткени анын деңгээлине түшкүм келген жок. Аялы жаздырган арызды кайтарып алганга туура келет. Кайрып алып эле, чекит коем»,- деди ал.

Аргумент.kg