
Нурлан Мотуев зордуктады деп, анын үстүнөн арыз жазган кыз үн катты
09-бирдин айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваНурлан Мотуев зордуктады деп, үстүнөн арыз жазган кыз Сереп.кж маалымат агенттигине маек берип, окуянын чоо-жайын айтып берген. «Ал мага Тик Токтон жазып жүрдү. Номурумду сурады. Анан үйүндө оңдоо иштери болуп жатканын айтып, мени чакырды, ошол жерде зордуктады. Анын үстүнөн милицияга арыз жаздым», – деп билдирген ал.
Белгилей кетсек, 7-февралда Бишкектин Свердлов райондук милициясына Нурлан Мотуевге карата арыз түшкөнү маалым болгон. Кыз өз арызында өткөн жылдын август айында Мотуев үйүнө алдап алып келип, жыныстык катнашка барганын билдирген. Факты каттоого алынып, экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери башталган болчу.
Нурлан Мотуев жергиликтүү маалымат каражаттарына маек берип жатып, бул жалаа экенин айткан. «Иши кылып эле мени жаман көрсөтүп, шерменде кылыш керек да. Андай эч качан болгон эмес. Ал кыз тарабынан акча талап кылуу болгон. Бул окуяны жөн калтырбайм, ал кыздын үстүнөн арыз жазам», – деген ал.