Нуркан Койчуманова : Орозайым, акылдуу кызсың эч кимди укпай, душман ашырбай тилиңди бир аз тый

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бул тууралуу Нуркан Койчуманова жазып чыкты :

Эне катары Орозайым кызыма кеңеш!
» Болору болду, боёсу канды»- деген сөз бар элибизде. Ошол сыяктуу болоор иш болду кызым ! .Бул да болсо Жараткандын буйругу болсо керек. Анткени баардык нерсе пенде айткандай эмес , Кудайым буйругандай болот . Ошол үчүн эже катары, эне катары сиңдиме айтаарым куру намысты коюп ,кечирим сурап саясатка да аралашпайм деп сөз берсең да туура болот. Анткени эл да саясаттан жадаган тынч жашасы келет. Алар да күнүмдүк көр тирилиги менен алек. Сени угаарман, көрөрөман катары эле бир соцтармактардан окуп, көрүп коюшуп, » Кайран кыз» деп кейиген. эле болбосо , сенин тагдырың , келечегиң да эл үчүн баары бир. Азыр коом ушундай!!!! Сен өзүңө , атаңа,бир туугандарыңа гана керексиң. «Жыгылган күрөшкө тойбойт»- болбой жеңилгениңди моюнга ал. Артка кайтып , кечирим суроо да чоң эрдик! Сенин эң чоң Кудайым берген байлыгың ден- соолук , өмүр! Кесир сүйлөбө! Алтын башың аман болсо , дагы далай өзгөрүүлөрдүн күбөсү болосуң! Турмуштун арабасы бир калыпта турбайт! Жашоону сүй, адам катары , аялзаты катары жаша! Кудайым берген аялзатына тиешелүү бакыттын ээси бол.Саясат келди кетти нерсе, өмүр да түбөлүк эмес! Өмүр бир келет, кимге эмне буйруганын бир Кудай билет.Темир тордун артында олтуруп жүрөгүңдө не турганын бир өзүң, бир Кудай билет. Бирок Жараткан айкөөл зат! Ниетиңди , оюңду, тилиңди , пейилиңди оңдо! Кудай буюрса баары жакшы болот.Акылдуу кызсың эч кимди укпай, душман ашырбай тилиңди бир аз тый , жүрөгүңдү ук, кабыргаң менен кеңеш , кечирим сурап , жеке жашооңду улант. Өмүр аябай кыска, кереги жок нерсеге убактыңды коротпо. Өзүң жашаган коомду өзгөртө албагандан кийин , жолуңдан кайт! Саясаттан башка тынч бакубат жашоо бар, бактылуу бол, балалуу бол, бал тилдүү элдин жарчысы бол.Тилди Кудайым сага азабын тарт деп эмес , наныңды тап деп да берген. Жакшы сөздүн ээси бол! Азыр да кеч эмес турмуштан өз жолуңду адашпай тап! Мен билгенден мен, мен деген мырзалар багытынан кайтып саясаттан кеткен.Өз учурунда тизгинди тартып , адам өзүн токтото билүү да керек! Токто!,Ойлон! Жолуңдан кайт! Багытыңды өзгөрт! Саясаттан кет, аралашпа! Калганын мезгил өзү көрсөтөт!!!

Аргумент.kg