
Нурайым Акылбековага эми Анжелика продюсерлик кылат
25-бугу, 2023-ж // Шоубизнес // Айпери ОсмоналиеваЫрчы Анжелика Кайратовна казак-кыргызга ырын сунуп келе жаткан,керемет үндүн ээси Нурайыма акылбековага продюсерлик кылат.Бул туурасында ырчы социялдык баракчасына жарыялаган.
Маалым болгондой,Нурайым Акылбекова бирге ырдап келген казак ырчысы Биржан Түймекандун тарабынан сөздөр айтылып,Нурайымды сындагандар да болгон.Ал эми Анжелика Кайратовна бул тууралуу мындай деген;
«Бүгүн кызымдай көргөн Нурайым Акылбекова баракчасында комментарийлерде колдогону, тилдегени бирдей болууда.
Кызыбыз эмнеден жаңылышты?
Продюсери бар бала менен — тажрыйбалуу продюсери жок кыз дуэт ырдап башташкан. Албетте, атактуулуктун эки бети болот. Бирөөсү реалдуу жашоо, экинчиси жасалма жашоо.
18ге эми чыккан Нурайым көп алданып, көңүлү түшүп жаткан мезгил.
Мен бала кезден сахнада жургөндүктөн шоу-бизнестин үтүр — точкасына чейин билем !
Нурайымды көп убакытка чейин колдонобуз дегендердин иши аягына чыкпай , эми жаман көрсөтүп, сый-урматы жок адамдын кайырмагына илинип, жасалма боло албай калганына күнөлүүбү???
Нурайымдын апасынын суранычы менен продюсер болууга бүгүн макулдугум бердим!
Эми мыкты интервью , мыкты композиторлор, акындар , стилисттер , менеджерлер, рекламный агенттер НУРАЙЫМДЫН ЖЕКЕ КОНЦЕРТИНЕ КОМАНДА БОЛУП ИШТЕП БАШТАШАТ.
Мен чындыкты уккан үчүн Нурайымды колдойм.
Сиздер дагы колдоп бериңиздер!
Көп дуэттер болот ! Келечеги кең ырчы дүйнө элин кыдырат ! Убакыт тараза»-деген ал.
Булак :Аргумент кж