Нооруздун тарыхы. Нооруз — жаз алып келген «Жаңы күн» майрам

Күн менен түн тогошкон 21-мартты Чыгыш элдери Нооруз же “Жаңы күн” деп кылымдар бою белгилеп келет.
Миңдеген жылдар өтсө да бул майрамдын формасы менен маңызы болгону болгондой сакталып, чыныгы элдик майрам бойдон калууда.
Нооруз майрамын ритуалсыз элестетүү мүмкүн эмес. Арча түтөтүп, айлананы жамандыктан тазалоо азыркы кыргыздардын турмушундагы табигый нерсе. Ал эми Нооруз күндөрү бул ритуал массалык мүнөзгө ээ болот.  Эмесе Нооруз майрамы туралуу кыскача маалыматтарды окурмандарыбызга сунуш кылалы
Нооруздун тарыхы
«Нооруз» деген сөз байыркы фарс тилинин «науризи» деген сөзүнөн алынып, бизче «нау» – “жаңы”, «рузи» – “күн” деген маанини билдирет. Демек, “Нооруз” “Жаңы жыл” же “Жаңы күн” деп которулат. Бирок эл ичинде буга чейин “Нооруз – жаз майрамы” деген түшүнүктөр да жашап келген. Эл мурда календарь жок мезгилде жаздын кандай болорун дал ушул күнү билип, “бул күндөн баштап табияттын жаңылануусу башталат” дешчү. Бул күнү күн менен түн теңелет. Тарыхтагы маалыматтарга таянсак, аталган майрам биздин заманга чейинки 7-6-кылымдарда эле пайда болгон жана Заостра аттуу пайгамбар негиз салуучусу катары белгилүү. Окумуштуулардын айтуусу боюнча Ноорузда аткарылуучу жөрөлгөлөр ислам дини пайда болгонго чейин эле колдонулуп келген. Мисалы, эл бул майрамга 20 күн калганда “ушул жылы түшүм мол болсун” деген тилек менен карапа идиштерге арпа, буудай, буурчак өндүрүшкөн. Айрым бир маалыматтарда “Нооруз – Кудай Адамды жараткан жети күндүн биринчиси” деп берилет. Ал эми ислам дининде «Нооруз – периштелер сыйлаган күн, анткени алар ушул күнү жарык дүйнөдө пайда болушкан” деген да маалыматтар бар.
 
От жана Нооруз
Мурда адамдар Ноорузду отту улуу жагып, аны тегеректей отуруп түндүн бир оокумуна чейин тосушкан. Атүгүл майрамдын алдында да короолордо же дөңсөө жерлерде оттор жагылып, анын үстүнөн ары-бери секирүү аркылуу “арамдыктан тазаланып жатабыз” деп ойлошкон. Ушундай тилек менен короодогу малын да отту айланта айдашкан. Андан соң «сенин кызыл нуруң мага келсин, менин сары оорум сага кетсин” деп кыйкырып отту айлана чуркап, “кырсык, капа-кайгы ушуну менен кетсин” деп суу толтурулган карапа идиштерди ыргытуу менен Жаңы жылды тосуп алышчу. Азыркы күндө Нооруз майрамында ак элечек кийген Умай эненин арча түтөтүп, аластап, «кайгы-капа, жамандык өткөн жыл менен кетсин» деп купуя тилек кылганы да ошондон улам калган көрүнүш болсо керек.
Ал эми бизде…
Кыргыз эли байыртадан Нооруз майрамына чоң көңүл буруп, эски жылды узатуу, жаңы жылды тосуу үчүн ар кандай камылга көрүп келген. Мисалы, ар бир үй-бүлө өз алдынча алдын-ала даярданып, жуунуп, таза кийимдерин кийишкен. Үй ичи, короо-жай, көчө тартипке салынып, тазаланган. Кир кийимдер жуулуп, бүтө элек иштер жаңы жылга калтырылбай бүтүрүлгөн. Ал эми майрамды өз деңгээлинде өткөрүү иш-аракеттерин «жыл ажыратыш» деп атап коюшкан. Ушундан улам «эски жыл ажырады, жаңы жыл жалгады» деп айтышкан. Бул күнү кыргыздар арча, адырашманды күйгүзүп үй ичин жана короо-жайын аласташкан. Ошондой эле адамдар бири-бирине жакшы ой-тилектерин, каалоолорун билдиришип, белектерин тартуулашкан. Таарынычы барлар чын дилден бирин-бири кечирип, “бардык чыр-чатак, араздашуу эски жыл менен кетти” деп эсептешкен. Ошондуктан бул күнү бардык көйгөйдү унутуп, таарыныч, капачылыктарды артка таштап, Улуу күндү жагымдуу маанай менен тосуп алуу шарт.
Майрамдык дасторкон
Нооруз майрамында дасторконго да өзгөчө көңүл буруу керек. Айта кетсек, дасторкондо жети түрдүү даамдан турган тамак болуусу шарт. Бирок бул ар бир үй-бүлөнүн жеке мүмкүнчүлүгүнө жана улуттук өзгөчөлүктөрүнө жараша болот. Мисалы, Орто Азиянын жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө Нооруз дасторконуна араб жазуусундагы «Сын» тамгасы менен башталган жети түрдүү тамак-аш жана тал, зайтун, бие, анар, тыт өңдүү дарактардын жети даана калемчеси коюлат. Андан тышкары, бир идишке суу, экинчи идишке кайсы бир дарактын жалбырагы калкып турушу абзел. Атайын бышырылган чоң нан, айран, сүт, быштак, жумуртка, канаттуунун эти, кургатылган мөмө-жемиштер, жаңгак, бадам, мисте, балык сыяктуулар болсо дасторконго сөзсүз коюлат. Ал эми кыргыздар Ноорузда арпа, буудай, жүгөрү өндүрүп, аны сокуга жанчып, акталган данынан сүмөлөк же көжө жасашкан. Аны үйгө келген меймандарга, жаштарга куюп беришкен. Бул адамдарга узун өмүр, жаштык жана бакыт каалоо дегендикке жатат. Анткени сүмөлөк менен көжө табияттын өлбөстүгүн, жашоо-турмуштун гүлдөп өнүгүүсүн аныктоочу улуттук даам катары бааланган.
Алас ыры
Алас, алас, алас,
Ар балээден калас!
Желин айрылып сүт чык,
Жер айрылып көк чык.
Жаңы жыл жакшылыгын баштай берсин,
Эски жыл жакшылыгын таштай кетсин.
Шириндик тартсын тилиңди,
Отко тазарт дилиңди.
Алас, алас, алас,
Ар балээдэн калас!
Нооруздун ушул күнүндө,
Арча түтөп ар үйдө,
Шаттык, күлкү жаңырып,
Шаң жаңырсын көктөмдө!
Жылнаама
Тарыхчылардын божомолунда бул жылнаама чыгыш элинин илимпоздору тарабынан мындан бир канча кылым илгери берилген экен. Бирок ушул күнгө чейин өз маанисин жоготпой сакталып келет.
Нооруз жекшемби күнү келсе…
Эл бул күндү Күнгө таандык деп эсептешкен. Нооруз жекшемби күнү келсе ал жылы арзанчылык болбогону менен токчулук өкүм сүрөт. Ушак, жаманчылык аз болуп, буудай мол болот. Өлүм-житим азаят.
Дүйшөмбү күнү келсе…
Бул күн Айга таандык. Жыл ичинде жамгыр көп жаап, өлкө падышачылыгынын күч-кудурети алсызданат. Табигый кырсык көп күтүлөт. Чөп, эгин жакшы чыгат.
Шейшемби күнү келсе…
Марска таандык күн. Бул жылда эгиндин эрте айдалганы жакшы. Арзанчылык болот. Элден ырайымдуулук качып, кул кожоюнунан, кыз энесинен, уул атасынан, аял эринен ажыраган көрүнүштөр көбөйөт. Калктын пейили тарыйт. Жыл аягында адам баласы чыгым тартат.
Шаршемби күнү келсе…
Меркурийге таандык күн болгондуктан, жыл ичинде каатчылык өкүм сүрөт. Ушак-айың, көрө албастык көп болот. Жыл аяктап калганда дан (буудай, арпа) кымбаттай баштайт. Жылан, чаян көбөйөт.
Бейшемби күнү келсе…
Бул күн Юпитерге таандык. Мөмө-жемиш мол болот. Ай, Күн тутулат. Оору көп болсо да, акыры жакшылык менен аяктайт. Бул жылы азыкты мол кылып камдоо абзел.
Жума күнү келсе…
Венерага таандык күн болуп эсептелет. Бул жылы өлкө башындагылардын абалы кыйындашы ыктымал. Жамгыр көп жаап, суук катуулайт. Жер-жемиш мол болуп, буудай, тарууга арзанчылык келет. Эгин кеч бышып, өлүм-житим азаят.
Ишемби күнү келсе…
Сатурнга таандык күн. Жылы бою ушак менен шек саноо көп болот. Жаз айларында шамал көп согуп, аба ырайы жамгырлуу болот. Түшүм ойдогудай алынат.
Кадырлуу окурман, Нооруз майрамы жакшылык алып келип, жергебизге берекенин, жакшылыктын, молчулуктун нуру төгүлсүн. Айдан аман, жылдан эсен бололу!
Гүлжан Илиязова