Ноокатта эки жаран тамак-аштан ууланды

Ноокатта эки жаран тамак-аштан ууланды

24-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Ноокат районунун Көк-Жар айылынын тургундары 62 жана 57 жаштагы жубайлар тамак-аштан ууланды. Аларга акыркы лабораториялык анализдин жыйынтыгы менен ботулизм диагнозу коюлганын Ноокат район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Кудрет Маматаиров 24-августта «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, бейтаптар 18-августта үй шартында даярдалган консерваланган өрүк ширесин ичкенден кийин өзүн жаман сезип, жүрөгү айланган.

«21-августта Ноокат райондук жалпы дарыгердик практикалык борборуна жаткырылган. Бейтаптарга бардык медициналык жардам көрсөтүлүп, алдына ала ботулизм диагнозу коюлган. Учурда абалы туруктуу», — деп билдирди Маматаиров.

Кыргызстанда буга чейин дагы тез татым жайларында, кофе-ресторандарда, үй шардында даярдалган тамак-ашка жапырт ууланган учурлар болгон. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жарандарды мындай учурлардын алдын алууга чакырып келет.

Булак: Аргумент кж