Ногойбаев Бишкек ШИИБни артка тартса, Асаналиев Чүй ОИИБни алдыга сүрөдү

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кочкор РИИБдеги жаза басуудан кийин Нарын ОИИБ начальниги Алмазбек Жумабеков жигитче арыз жазып, моралдык жоопкерчилигин ойлоп, кызматын тапшырып кетти. Мунун өзү эрктүүлүк, мырзалык сапат катары бааланат. Баары эле мындай кадамга бара беришпейт тура.

Маселен, Свердлов РИИБнин милиция кызматкерлери 13 жашар кызды алмак-салмак зордуктап жүрүшүп, аягы ачыкка чыгышты. Коомчулук козголуп, митинг-пикеттерге чейин барышты. Кочкордогу окуя бул көрүнүштүн жанында шоона эшпей калат. Эл аралык алкакка чейин маалыматтар тараган… Мындай шартта Бишкек ШИИБнин начальниги Азамат Ногойбаев токтоосуз түрдө отставкага кетиши зарыл эле. Свердлов РИИБнин жетекчилери да айдалышы күн тартибиндеги маселе болчу. Тилекке каршы, Ногойбаевдин баласы кызматка тырмышып, жогорку жетекчиликке да сөз тийгизип, бүгүнкүгө чейин былтыйып отурат. Чүйлүк генералдарга, аксакалдарга таянып. Орун басарлары да Кудайдан жөө качкан сабатсыздар экен. Бирөөсү жетимиштен ашкан Азиза Абдирасулованы сүйрөгөндө эле түңүлгөнбүз. Дээрлик өздүк курамды тескей алышпай, бир жагынан кылмыштуулук менен күрөшүүгө шаалары жетпей, бийликке сөз тийгизип келишет. Башкалаада чөнтөк ууруларынан тарта оор кылмыштарга дейре беттери ачылбай турганы талашсыз чындык. Эмне кылуу керек? Чечкиндүү түрдө кадрдык реформа жасалышы зарыл.

Башкасын айтпасак да, Чүй ОИИБнин жетекчилиги, өздүк курамы кандай иштеп атканы менен Бишкек ШИИБни салыштырып көргүлөчү. Асман менен жердей. Чүй облусунда кандай гана оор кылмыштар катталбасын, изин суутпай дароо ачып жатышат. Сары Өзөндө миллиондон ашык калк жашайт, күндө сырттан кирип-чыкканы канча? Айтор, баардык жагы тыкыр көзөмөлгө алынып, элибиздин коопсуздугу, милициянын аброю үчүн иштеп келишкени кубандырат. Аныгында, Чүй ОИИБ начальниги Сапарбек Асаналиевдин уюштуруучулук жөндөмү мыкты экен. Буга салыштырмалуу Бишкек ШИИБ уктап жаткандай элес жаратат. Талдап көргүлө, таасын кеп ушундай! Чындыктын дааамы ачуу эмеспи…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg