Ниязалиева кечээ Атамбаевге сыйынса, бүгүн Жапаровго жагалдана баштады го?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Өткөн жумада президент Садыр Жапаров Ленин округунан парламенттик шайлоого аттанган талапкерлер менен жолугушуу өткөрдү. “Жүздү көрсө өң таят” дегендей, кызык эле болду. Дээрлик көпчүлүк талапкерлер кошомат кылуу маанайында сүйлөшкөнү күлкү келтирди эй! Алардын арасында Дамира Ниязалиева президентти журт атасына чейин теңеп, жасалма сөздөрү менен жагалданууга жетишти. Эрксизден баш чайкайсың. Анан дагы кара пиарды айтып, даттанып да алды. Арты таза болсо, сын-пикирден эмнеге коркмок элеМандеми бар үчүн “маарагандай” образ жараттыбы

Эми кичине артка кылчайып, Дамира Ниязалиеванын өтмүшүнөн учкай кеп салалы. 2007-жылы бул КСДП аркылуу Жогорку Кеңешке депутат болгон. Көп өтпөй Алмазбек Атамбаев оппозицияга оогондо, парламенттеги “Акжол” партиясынын депутаттары менен шерине жеп, бир команда катары сиңишип кеткен да. 2010-жыл төңкөрүш болуп, БЭКтеги саясатчылар бийликке келишкен. Убактылуу өкмөт түзүлүп. Ошондо Дамира Ниязалиева 180 градуска бурулуп, кайрадан Алмазбек Атамбаевге өз киши катары чыга келип, жылуу сүйлөп, “этегине” эрмешип алганычы? Туруксузун карагылачы? Анан министр, вице-премьер-министр кызматына чейин КСДПчы катары көтөрүлөт. Ак көңүл башчынын кыйла жардамы менен. Ошентип, АШАнын колдоосун, жардамын жакшы эле көрөт. Жарытылуу иштей албаса да кызматтарга жармашып жүрдү го?

Кийин Атамбаевден оомат тайып, түрмөгө камалганда Ниязалиева бир басып келгенге жараган жок. Артын салып кетти. КСДПчылар айткандай, тикелей эле сатып кеткен. Убактылуу өкмөттүн доорунда дары бизнесине аралашып, чууга калганы жалганбы? Айтор, кыйла байыган. Учурда акчасына таянып, шайлоого аттанган кербези. Мындай кемпирди “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен кармап, текшере келсе кыйла миллиондорду мамлекетке төгөт беле? Жалган жашоодо ушунча да тайраңдайбы? Бирок, эртеби-кечпи жазасын алса керек…

Натыйжада, Дамира Ниязалиева кечээ Алмазбек Атамбаевге кандай жагынса, ага журт атасы катары сыйынса, бүгүн Садыр Жапаровдун астына келип, эски ыкмасына салып, кошоматтана сүйлөп, эптеп эле “тешик” табууга жутунганы кандай? Коом мындайларды “сокур ичеги” сымал кесип ыргытканда гана оңолобу? Ох, ойлондурган собол да-а…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg