Саясат

НДПК партиясынын тагдыры чечиле элек

БШК НДПК саясий партиясы тууралуу   чечиминин көчүрмөсүн бере элек. Бул тууралуу саясий уюмдун штабынан билдиришти.
НДПК партиясы сотко кайрылышы үчүн БШК партиянын документтерин 24 сааттын ичинде бериши керек экени такталды. Андан ары, арыз берилген күндөн тартып үч күндүн ичинде сот арызды карашы керек.
Адвокат Улан уулу Дастан партия БШКнын иш-аракеттери боюнча укук коргоо органдарына арыз берүү мүмкүнчүлүгүн дагы карап жаткандыгын түшүндүрдү. Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, Акылбек Сариев менен Кайрат Осмоналиевден башка, ыйгарым укуктарын ашыра аткарышты.
БШК 24-апрелдеги жыйында, Бишкек АШКнын НДПКнын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жана ушул саясий уюмга берилген добуштар менен бюллетендерди жараксыз деп табуу жөнүндө чечимин колдогону эсибизде.
Улан уулу Дастандын айтымында, мындай сөздөр толугу менен мыйзамсыз жана аны ишке ашыруу мүмкүн эмес.
Булак:argument.kg

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *