СаясатШоубизнес

Назира Айтбекованын артынан чиновник аңдып жүрөт

Алып баруучу,актриса Назира Айтбекованын артынан аңдуу иштери жүрүп жатат.Ал бул туурасында, инстаграмм социалдык баракчасына жазып чыккан.

“Сенин артыңдан аңдуу жүрүп атыптыр ” десе алгач күлдүм. “Жөн турчу өлкөдө менден башка толтура көйгөй турса мени эмне кылмак эле?” дедим. “Ким менен жүрөт? Каякта жүрөт?” суроолорун досторуман сурабай эле менден деле сурасаңар айтып берем.

Болгон ишим белгилүүлөр менен жолугуп, маек алам. Анан үйгө жатып алып, сериалды тытам. Балам менен киного, сейилдөөгө чыгам. Апам экөөбүз таттуу тамактанганды анан көп саат отуруп алып сүйлөшкөндөн ырахат алабыз. Кыйраткан деле жеке жашоом жок. Кээде досторум жолугуп калат. Алар деле эки – үч штук. Анан эбиреп – жебиреп ичимдегини төгүп, блок жазам. Психология курсуна барам. Сулуулук салондоруна каттайм айда бир. Ошол эле. Кимдир бирөөгө “скучный” көрүнөөр, бирок тынч жашоом мага жагат.

“Айтбековадан бөлөк ишибиз жокпу? Бир артисти аңдып жүрөбүз тиякта иш кайнап атса” деп балдарыңар ыйлап атыптыр. Сурагыңар келгенди, айткыңар келгенди, сүйүп калсаңар сүйүүңөрдү чакырып алып мага эле айтсаңар болот. Акыркы күндөрү белгисиз номерден чалып алып эле тамакка чакырмайлар көбөйдү. Иштен тышкары чалгандарды каап алмай жайым бар. Байкуштардын жүрөгү түшүп калса керек.

Апам эле “Артыңда жөлөй турчу эч кимиң жок. Жөн жүрсөңчү!” деп урушат. Ооба, артымда апам эле бар. Карапайым мугалим. Мен жалгыз бой энемин. Менден анча корктуңар?

Каналым ачык! Позиция, оппозиция, саясат, бизнес маданият адамдары , айтор, баарыңар келгиле! Бейнеңерди сонун кылып ачып берем! Албетте, мен да токоч жейм. Коколой башыңар мн келип албай, соодалашпай тыйын – тыпырын таштап кеткиле. Маданият өкүлүнөн башкасынан акча алам. Анткени оператор, монтажерлордун да курсагы, үй бүлөсү бар.

Шеф, артымдагы куйруктарыңызды алып коюңуз? Сиздей күчтүү жигит жалгыз бой, илмейген кенедей кызды , амей келинди аңдытса жарашпай калат экен!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *