Назира Айтбекованын өзгөчө постторунан…

 

“Сүйбө мени!” дейм. Качам. Таптырбайм. Телефонун албайм. Анткени жалындаган от экенимди билем. Күйгүзүп кетем. Башында таттуу көрүшөт. Татууга чуркаган аарылардай тегеректешет. Балын таткысы келет. Анан күл болуп күйүшөт.

Анткени сүйгөндү эч ким билбейт. Сүйүү десе башын жоготушат, эркин сага байлап коюп кул болгусу келишет, көз каранды болушат, көз каранды кылышат. Сен дага эркиңди бер, менин эрежеме баш ий дешет! Кызганышат. Демиңди бууй башташат. Өздөрү да, өзгөнү да өлтүрүүгө даяр болушат. Сүйүү деген андай эмес да!

Сүйүү деген сени өзгөрткөнгө аракет кылбайт. Турган турпатың, жакшы жаманың, күнүң менен түнүңдү кошо кабыл алып сүйүү. Сүйүү деген эркиндик берүү, бийик учууга көмөктөшүү, эң башкысы ишеним арноо. Көз карандысыз, акыл эси толук, сезими мн акылы бирдей салмакта сүйүү. Сүйүү деген өзү да өсүү, сени мн чогуу бийиктикте учуу. Сүйүү деген ый, тозок, кызганыч, бириңди бириң муунтуу эмес! Сүйүү деген бакыт! Бакытка бөлөнүү, ыразат алуу, жыргалчылыкка батуу, бейиш!

Өңгөнү түгүл өзүн сүйүп, кабылдап, өзүн кечирип, өзүнүн баскан изине ыраазы боло албаган, адам катары жетилбеген адамга жашооңду, өмүрүңдү, жүрөгүңдү, көңүлүңдү кантип карматасың? Эртеңки күн тебелеп, мыкчып, бут аарчып кетет. Анткени ал сүйгөндү, аяр мамиле кылганды билбейт! Эч ким ага үйрөткөн эмес.

Жетилген, өзүн тааныган, бийик учкан адам бийиктен адамын издейт!