Шоубизнес

Назира Айтбекова: Оорукчан эркектер белден ылдыйкысы менен мактанышат

Мындай пикирин Назира Айтбекова жеке фейсбук баракчасы аркылуу билдирди:
Сүйүү мен үчүн касиет сындуу. Аруулугу бар. Жан дүйнөгө жан кошуп, каныңды безелентип чуркатып, жүрөгүңдү көкүрөктөн чыгара соктурган сезим. Махабат, ашыктык дешет ага.
Азыр махабаттын май талканы, ашыктыктын ашмалтайы чыгып, сүйүүнүн сүрү кетти! Ыйык, бийик сезимди арзан, тайыз төшөккө алмаштырдык!
Интернет желеси күч алгандан баштап, баарыбыздын жүзүбүз ачылды, ичибиздеги ириңибиз көрүндү! Чиригибиз көп экенин көрүп алып, көөнүбүз айныды! Сабатсыз, түркөй, караңгы, билимсиз , маньяк экенбиз биз!
“Мен сени сүйөм “ деген жазууга сүрөт кыстарылып келет сөзсүз! Сиз ойлогон гүлдүн , же жүрөктүн сүрөтү эмес! Алигисинин сүрөтү! Канчалык колтойгонун жиберсе, ошончолук ээрип кетет , сүйүп калат деп ойлосо керек!
Мага эле келет го деп ойлосом, кыздардын көбүнө келет экен! Биз оорукчан коом болуптурбуз! Нервибизге, башыбызга, жан дүйнөбүзгө доо кетиптир!
Дагы ошондой жибере турган болсоңор, кимден келсе, ошону белгилеп, телефон номериңерге чейин көргөзүп, ачыкка чыгарам!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *