Мындай пикирин алып баруучу Назира Айтбекова жеке Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди:

“Көрүнгөнүңдөй бол, же болгонуңдай көрүн”. Мевляна

… дедим да керели кечке ойлондум. А мен кандаймын? Түлкүлөр коен болуп, койлордун терисин карышкырлар жамынып, карга өзүн куш ойлоп, арстан мышыкка айланып, айтор, жаратылышты , өздүгүбүздү кабыл ала албай , же тааный албай убарабыз.

Мен киммин? Жаратылышым кандай? Эмнеге сыртта шайыр, ачык, ичимде жалгыз калганда ойчул, токтоо мүнөзмүн? Кайсынысы менмин?

Шарактаган сапат мн ичимдеги Назираны жашырып атамбы , же чын эле ачык айрым, тамашөкөй адамдырмын. Балким ичимдеги Назираны сыртка чыгарып, токтоо образ күтүшүм керектир… дедим да жакпай кетти.

Далдак – дулдак, обу жок, эрке , ачык , дырдай жылаңач Назираны көбүрөөк сүйөт окшойм. Балким ички олуттуулукту сырткы жеңилдик баланс кылып кармап, ойдун тереңине түшүп кетпеши үчүн тең салмакта кармап тураттыр?

Балким ички токтоолук, ички салмак бар үчүн сырткы жеңилдикке уруксат берип аткандырмын?

Ички олуттуулукту фильмде чыгаргым келет. Жашоодо эмес…