Шоубизнес

Назира Айтбекова: Кыргызстанды жактырбагандар Афганистанга көчүп кеткиле

Актриса,алып баруучу Назира Айтбекова Кыргыз элин 30 жылдык маареги менен куттуктап төмөнкүдөй пост жазды:
«Кыргызстан экөөбүз тең эркин, көңүлүбүзгө жакпай калса , чарт -чурт, сөзүбүз өтүмдүү, оюбузду ачык билдире алчубуз!
Бирок, эркиндигибизди тыйып, сөзүбүздү кысымга алып, кийимибизге асылып, көз карашыбызга мурун чүйрүгөн көп. Эркиндик жакпай атса, Талибандардын кысымга алган, кысылган , жаңы эле басып алган өлкөсү бар. Көчүп кетсеңер болот! Анткени кыргыз баш ийбеген, өжөр, ат жалында шамал менен ойногон, эрки күчтүү улут! Аны кишендеген, кыскан, тилин кескен жарашпайт, жакпайт! Бир күнү омкоро коет!
Туулган күнүң менен, эркин Кыргызстаным! Эркин бол! Бийик уч!»-деп жазды ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *