Шоубизнес

Назира Айтбекова: “Эрге тий!” деген сөздү уксам кускум келет

Мындай пикирин алып баруучу, актриса Назира Айтбекова жеке баракчасына жазды: 

Эң жаман көргөн сөзүм “Эрге тий!” Нервмин! Ошол кишини барып туруп, чокуга бир койгум келет(мягко говоря) . Балким жакшы сөздүр. Жакшы ниет мн айтылып аткандыр, бирок ушунча көп айтылгандыктан кускум келет ушул сөздөн. Эриңер мн бактылуу жашап атсаңар, өзүңөргө буйрусун, бирок башкаларга таңуулап, жашоосуна кийлигише бергенди токтотуш керек! Менин бактымдын рецебин сен чокуңа билмек белең? Ушул сөз кыздар үчүн чоң стресс, кайгы, комплекске айланып кетет ал тургай! Жара болуп бүтөт! “Эрге тийбейсиңби!” деп атып далай кыз тагдырын бузуп алат. Анткени иши кылса тийиш кк болуп, тийип алат. Кыздар, мындай сөздү кулактын сырты мн өткөргүлө. Физикалык жактан эле эмес руханий, моралдык, психологиялык жактан даяр болгондо гана тийгиле! Ошондой эле бул сөз балдарга да катуу тиет. “ Качан аял аласың?” деген да жигиттер үчүн чоң стресс! Бойдок досторума “Нормалдуусуңбу?” деген суроо бере башташат. Алар да жүрөгү сүйбөй атса, кантип үйлөнсүн? Эптеп эле эрди, аялды эптештирип алып, канча адамдар ажырашып, канча бала ара – чолодо калып атат. Ар бир адам жүрөгү, чөнтөгү, көңүлү, психикалык абалы даяр болгондо жубун табат. “Качан эрге тийесиң?” , “ Качан аял аласың?” деген этикага жатпаган, кемчонтойлордун суроосу! Бербей жүргүлө!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *