Алпаруучу Назира Айтбекова, бакыт тууралуу ой бөлүштү.

“Бакытты кийет деп ойлошот. Кычырап, мода кубалап, кымбат-кымбат көйнөк кийип көрүшөт. Материалдан издешет. Бакытты айдайт деп ойлошот. Түрдүү-түрдүү, асмандын башын чапчыган унаалардан издешет. Бакытты бийик-бийик имарттан издешет. Ошол жакта жашынып жаткандай көрүшөт. Бакытты баланын жытынан издешет. Сүйүүнүн деңизин да сүзүп көрүшөт.

Бакытты туят! Бакыт ичиңде жок болсо, акча да, буюм да, адамдар да бере албайт. Жандүйнөңдө балкып турса, бакыт ар бир нерсеге чагылышат. Тамак жесең ырахаттуу болуп, даамы чыгат. Сүйсөң, сүйүүң кумарлуу, ар бир кадамдың мааниге эгедер, жашооң маңызга толот. Бакытты сырттан издебе, бакытты ичиңде туй”.