Шоубизнес

Назира Айтбекова: Адамдар өзгөрсө, өлкөбүз өнүкмөк

Алып баруучу, блогер Назира Айтбеков “Мен өзүм аңдан чыгып алсам, силерди кошо чыгарам” деген оюн инстаграм баракчасына жазды.

“Мен өзүм аңдан чыгып алсам, силерди кошо чыгарам!” деген далалат ичимде. Анан эле жашоомду ар кыл тажрыйбадан өткөрүп, миң сынып, миң туруп, миң күйүп, кайра күлүмөн. Менден адам чыкса эле силерди кошо жыргатчудай. Көп нерсени тастыктап, көп эрежени жоюп, бурчка такаган көп көз карашты кеңейтип, бактылуулуктун сересине тепкич издейм. “Мен өзгөрдүм”, “Мен жаңы жумуш таптым”, “Мен окуга тапшырдым”, “ Мен жашоомду жаңы барактан баштадым!” деген каттар келгенде эле жайнай түшөм. Кызыгы, силерди бактылуу кылыш үчүн бактылуу болууга чаба көргөзөт окшобоюнбу?! Өзүңөрдү сүйдүрүш үчүн өзүмдү сүйүүнү үйрөнүү менен алекмин. Бирөөнүн жакшылыгын, ийгилигин укканда көзүм менен көңүлүмдүн жайнаганын көр! Мен укмуш бактылуу болуп, бирок тегерегимдегилер бактысыз муңайып турса, ал бакыт тамагыңан өтпөйт. Сиңбейт. Сени менен кошо бакытка бөлөнгөн эл болсо, ал укмуш чоң бакыт да! Атам “Сен жолуккандан кийин жашоом өзгөрдү” дейт. Чын эле жашоосу , жашоого көз карашы таптакыр башка азыр. Ага күндө кубанам. Досторумдун жашоосу өзгөрүп, алар өскөн сайын жыргайм. Уулум күндөн күнгө ачылган сайын, бакыт нуру көзүнөн чайган сайын кубанам! Туугандарымдын жашоосу жакшы жакка бурулган сайын ырахаттанам! Эми өлкөм өнүгүп кетсе! Өлкөмдөгү адамдар өзгөрсө, бактылуу болсо.»-деп жазды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *