Назира Айтбекова: “Адамда адамгерчилик мода болсун!”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Белгилүү алып баруучу Назира Айтбекова интернет баракчаларынын активдүү колдонуучусу. Ал жан дүйнө темасындагы постторду көп жазат. Бул жолкусунда адамдардын байлыкка, бийликке басым жасаганы тууралуу фейсбук баракчасына жазып, өзүнун жоолук салынган жупуну кийинген сүрөтүн койду.

“Жупуну кийинип, жөнөкөй жүрөт кээ бир адамдар. Сүйлөшсөң, кебинде кени бар. Көкүрөгүндө толгон адамгерчилик. Бийиктик тулку боюнда. Улуулук балким улуу эмес кичүү жашында. Чөнтөгүндө акчасы болсо дагы, Кудай кутуртуп көптү берип, кур койбосо дагы кекирейүү, менменсинүү, өзүн өйдө көрүү жок өзөгүндө. Жөнөкөйлүк. Жакшы көрөм негедир ушул сөздү. Ырыскынын баары ушул сөзгө үңүлүп алгандай сезим келет. Бара бара сырткы кейпибизди карап, кымбат кийимибизге жараша мамиле түзөбөй, кымбат деп көңүлдү айтып, салмактап айткан сөздү издеп, акча эмес адамгерчилик бааланып, акыркы үлгүдөгү унааларды кеп кылбай, жарышып жасаган жакшылыктар жар салынып, карандай пафостун ордуна каралбай калган инсандык келээр. Кийимде жөнөкөйлүк, адамда адамгерчилик мода болсун! #жөнэлеойлор”

Бул постту окугандар Назира айымга жылуу пикирлерин калтырышты.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg