Нарында милиционер асынган абалда табылды

Нарында милиционер асынган абалда табылды

20-үчтүн айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Нарын облусунда милиция кызматкери асынып алганын “Турмуш” басылмасы жазып чыкты.

Андагы маалыматка караганда, милиционердин сөөгү кечээ, 18-январь күнү өзүнүн үйүнөн табылган.

Ал 1987-жылы туулган. Нарын облустук Ички иштер башкармалыгында бир взводдун командири болчу.

Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.