Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-депутат Орозайым Нарматованын баш коргоо чарасын узартуу боюнча тергөөнүн өтүнүчүн карады.
Соттун чечими менен ал 2023-жылдын 20-февралына чейин борбордогу СИЗО-1де камакта болот.
Эскерте кетсек, 23-октябрда массалык камакка алуулар башталып, бийлик башаламандыкка даярданган деген айып менен 26 адамды камакка алган.