Накталай эмес төлөмгө өтүү чечиминен улам троллейбустун айдоочулары иштен кетип жатышат

Накталай эмес төлөмгө өтүү чечиминен улам троллейбустун айдоочулары иштен кетип жатышат

11-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Бишкекте 20-августтан тартып коомдук муниципалдык транспорттордо жол кирени накталай төлөө токтотулат. Шаардык мэриядан жол кире «Тулпар» карталары, VISA жана ЭЛКАРТ, виртуалдуу NFC карталары жана «Тулпар», Balance тиркемесинде QR сканерлөө аркылуу төлөнөрүн айткан.

Мэриянын бул чечиминен улам троллейбустун айдоочулары массалык түрдө иштен кете башташты.

Айдоочулардын айтымында, алар электрондук билет системасынын өзүнө каршы эмес, аны менен иштөө аларга дагы ыңгайлуу. Болгону электрондук төлөмгө өтсө кирешеси мурдагыдай болбой калат, андыктан айлык акыны көтөрүүнү талап кылышууда.

Айдоочулар жол кирени чогултуунун күнүмдүк планын аткарып, аны Бишкек троллейбус башкармалыгы (БТУ) муниципалдык ишканасынын кассасына тапшырышат. Андан ашканын өздөрүнө алып калышчу. Алардын айтымында, бул аз айлыкка кичине да болсо кошумча болчу.

«Биздин айлыгыбыз мурда 18 миң сом болчу, жакында эле бир аз көтөрүлүп, 20 миң сомдон 25 миң сомго чейин ала баштадык, ушул акчага жашоого болобу?», — дешет айдоочулар.

Алар мындай айлыкты план толук аткарганда гана аларын, бирок баары эле планды аткара албай каларын айтышат.

Булак: Аргумент кж