«Наамды күтүп жүргөм» дейт “Кыргыз Эл артисти” Абдылда Иманкулов

«Наамды күтүп жүргөм» дейт “Кыргыз Эл артисти” Абдылда Иманкулов

01-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Анда өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу жарандар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты.

Куудул, сатирачы Абдылда Иманкуловго “Кыргыз Республикасынын эл артисти” деген ардактуу наам берилди.

Иманкулов   «40 жылдан бери маданият тармагында эмгектенип келе жатам. Сыйлыкты күтүп жүргөм. Учурда Ысык-Көлдө гастролдоп жүрөм», — деди ал.

Булак: Аргумент кж