Мырзалык бийик сапатпы? Раиса Атамбаеваны кызарткан Ахматбек Келдибеков

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саясый элитанын тойлорунда Раиса Атамбаева болочок “ханайым” Сапар Исаковдун жубайын ээрчитип алып, чогуу жүрүшкөнү көрүүчүлөр тарабынан айтылууда. Төрдөн орун алышып, урмат-сыйга бөлөнүп аткан чактары. Мындай мааракелерде Ахматбек Келдибеков да катарлаш отуруп, насиптеш болгону жашыруун эмес. Ушул жерден артка кылчайсак, эмнелер гана эске келбейт? Убагында Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда, экс-спикерди кордоп, бузукулардын тилине кирүү менен каматып салган. Андан бери далай суулар акты. Мезгил баарын таразалады. Быйыл Ахматбек Келдибеков козголгон кылмыш иштери боюнча толук кандуу акталды. Таңгалычтуу жагдай, каарманыбыз кенендигин салып, Алмазбек Атамбаевди кечириптир. Саясый куугунтукту көрсө да кол шилтеп, Кудайдын сыноосун баштан өткөзгөн адам катары сыпатталууда. Экс-президенттин үй-бүлөсүнө кек сактабай, жубайына жылуу учурашып, мырзалык бийиктигин кылганы – алысты көрө албаган адамдарды таңгалдырууда. Раиса Атамбаеванын кызарып кеткени да ушундан улам болсо керек.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg