Мыйзамсыз имараты боюнча Мырзакматовдун жооп бере турган убактысы келди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Түркиядагы жер титирөө дүйнөлүк коомчулукту сестендирди. Сапатсыз салынган үйлөр 7,5 баллга туруштук бере албай, күбүлүп түшөрүнө күбө болдук. Албетте, ар мамлекет мындай кайгыдан сабак алышы керек. Миңдеген үй-бүлөлөр каза табышты, майып болуп калгандары канча? Улуттун кайгысы…

Тилекке каршы, Кыргызстанда да мыйзамсыз, сапатсыз курулган көп кабаттуу үйлөр арбын. Кыргыз элине кайсы бийлик келбесин, бул жагына көз жумду мамиле кылып келишет. “Темирди кызуусунда сок” дегендей, олуттуу мисал келтирели. Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүнүн боюнда (Ибраимов-Шопоков ортосундагы) союздун сапаттуу үйүнө жабышкан Мелис Мырзакматовго караштуу беш кабатты көрүүгө болот. Муну кандайча түшүнөбүз? Архитектуралык талапка, тийешелүү мыйзам актыларына да мындай курулуш талапка ылайык эмес. Шаарыбыздын көркүн бузуп, анан калса көзгө комсоо мааниде чүргөп, ыраатсыздыкта курулган. Махалядай жармаштыра берүү эч бир мыйзамга шайкеш келбейт. Он жылдан ашык убакыттан бери бир да шаар мэри дал ушул үйдүн туура эмес жайгашканын айтпай, буздурууга шаасы жетпей келгени өкүндүрөт. Азыркы бийлик чечкиндүү кадамдарга барып, Мелис Мырзакматовдун “Улуттар Биримдиги” партиясы жайгашкан имаратты алдыра алабы? Же “жең ичинен” сүйлөшүп коюшабы?

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg