Мыйзам иштеген мезгил келгенде Фарход Алимжанов менен Фархат Исмаилов жоопкерчиликке тартылат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Депутат Фарход Алимжанов кесиптеши Жаныбек Абировдун көчө мушташы боюнча кечирим сурап, арачыга түшүптүр. “Эчки тууй албай жатып, койго аначы болуптур” деген кепти эстейсиң да. Бул өзү мыйзамсыз Жогорку Кеңеште отурганын сезбейби? УКМК иликтеп, атайын билдирүү тараткан. Анда Фарход Алимжанов менен Фархат Исмаиловдун дипломдору жасалма экени тастыкталган. Бирок убакыттын өтүшү, пулдун күчү аркылуу мандаттарын сактап, уялбай экөө тең шапар тээп жүрүшөт. Мыйзам иштеген бир мезгил келет, ошондо кайрадан тергөө жүрүп, жазаларын алары шексиз. Себеби, мамлекетти, элди алдаган узабайт. Көз боёмочулуктун да чеги болуш керек да! «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg