
Мурдагы вице-премьер жана журналист депутат болууну көздөөдө
10-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңешке кайра шайлоого катышууну каалагандардын саны 30га жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалым болгондой, шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз калтыргандардын катарына Абдивали Балтабаев, Лейла Саралаева жана Токтокүчүк Мамытов (Токон Мамытов) кошулду. Балтабаев убактылуу иштебейт, мурда Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын башчысы болгон. Лейла Саралаева — «Жаңы жүздөр» гезитинин башкы редактору. Ал эми Мамытов Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун бөлүм башчысы болуп иштейт. Ал мурда депутат, вице-премьер-министр, акыйкатчы, «Кыргызалтындын» башчысы жана башка кызматтарды ээлеген.
Булак: Аргумент кж