
Мурдагы депутаттын уулу Данияр Ибраев соттолду. Кандай өкүм чыкты?
08-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБишкектин Свердлов райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Самат Ибраевдин алдамчылыкка айыпталган уулу Данияр Ибраевге өкүм чыгарды.
Өкүм 20-июлда чыккан.
Маалыматка караганда, Данияр Ибраев эки компаниянын жетекчиси болгон: 2018-жылы 8-июнда ал «А.Т.Г.» ЖЧКсынын башчысы болгон. Кийин 2018-жылдын 6-декабрында ал «1» ЖЧКсынын (токтомдо компаниянын аты аталган эмес) башкы директору болуп дайындалган. Данияр Ибраевдин айтымында, бул компаниялар темир продукцияларын сатуу менен алектенген.
Соттун токтомунда айтылгандай, Данияр Ибраев аталган эки компанияны жетектеп турганда, 2018-2019-жылдар аралыгында бир нече компания жана жаранды жалпы суммасы 581 млн 250,1 миң сомго алдап кеткен (338 млн 835,2 миң сом, 125 млн 602 миң сом, 20 млн 946,9 миң сом, 21 млн 967,7 млн сом, 4 млн 646,7 миң сом, 34 млн 296,3 миң сом). Белгилүү болгондой, ал темир продукция алууну каалаган кардарлардан акча (же мүлк) алып, өзүнө алган милдеттерин аткарбай койгон.
Соттук отурумда жабырлануучулардын айрымдары айыпталуучунун атасы (Самат Ибраев – ред.) материалдык зыяндын ордун толтуруп берүү милдеттенмесин алганын, ага байланыштуу Данияр Ибраевге дооматы жок экенин билдирип, айыптоодон баш тарткан.
Ошол эле учурда, Данияр Ибраев күнөөсүн мойнуна алып, бирок Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) боюнча тагылган айыпты моюндаган эмес (сот бул берене боюнча Ибраевди актаган).
Булак: Аргумент кж