Өмүрбек Текебаев: «Кыргызстанды эки дос талашып башкарып жатат»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүнкү эки дос Кыргызстанды жарышып, талашып башкарып жатат. Мындай пикирин саясатчы Өмүрбек Текебаев партия өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирген.

Анын айтымында, өлкө 3 жылдан бери саясий кризисте.

“3 жылдан бери өлкө саясий кризисте. Анын башталышы Атамбаев менен Жээнбеков өңдүү эки достун мамлекетти кезек менен башкарабыз дегенинен келип чыккан.  Ал эми бүгүнкү эки дос Кыргызстанды жарышып, талашып башкарып жатат. Мындай башкаруунун ыкмасы өлкөнү кризиске салганы турат. Ким аны айтып жатат? Ушакпы же саясий спекуляциябы? Жок, бул тарыхый фактор менен социологиялык иликтөөлөргө негизделген тыянак”, — дейт Текебаев.

Текебаев ошондой эле “Ата Мекен” күзүндө өтө турган шайлоого катыша турганын кошумчалады.

Аргумент.kg