Өмүрбек Текебаев “Ата Мекенди” Тилек Токтогазиевге өткөрүп береби?

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “лидерликти Тилек Токтогазиевге өткөрүп берет” деген маалымат редакциябызга өздүк булактардан келип түштү.

Бул маалыматты тактоо максатында, Тилек Токтогазиевдин өзүнө байланыштык.

Анын айтымында бул теманы көтөрүү али эрте.

“Мен ”Ата Мекен” партиясынын баалуулуктарын, позициясын колдоп келем жана тарыхта калчу партия деп эсептейм. Бул партия көптөгөн жакшы лидерлерди чыгарган. Ал эми чечиле элек нерсени эрте айтуу туура эмес деп ойлойм. Эми ар кандай кырдаалдар жаралып кетиши мүмкүн да”, – дейт мурдагы айыл чарба министри.

Белгилей кетсек, “Ата Мекен” партиясы күздө болчу парламенттик шайлоого катыша тургандыгын билдиришкен.

Add your comment

Your email address will not be published.