Өмүрбек Бабанов УКМКнын абагынан жеке менчик клиникага которулду

Өмүрбек Бабанов УКМКнын абагынан жеке менчик клиникага которулду

27-теке, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов УКМКнын абагынан жеке менчик клиникага которулду. Бул тууралуу журналисттерге анын юристи билдирди.

Маалыматка караганда, Өмүрбек Бабановдун жүрөгү ооруп, «Авиценна» медициналык борборуна жаткырылды.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» кенинин алкагында козголгон кылмыш иши боюнча камакка алынган.