Коом

Өмүр бою күйөөмдү бакканым жакшыбы же ажырашканымбы?

Саламатсызбы сураныч менин катымды чыгарып бериңизчи. Жолдошум экөөбүз бирге бир университетте окуп жүрү, сүйүшуп эле баш кошконбуз. Баары жакшы болуп жаткан, бирок кийинчирээк анын жумушунда ар кандай көйгөйлөр болуп, аны жумуштан кыскартып салышты.Ошондон кийин күйөөм арак ичип алкаш эле болуп калды, күндө ичип эле келчү болуп калды. Күйөөмө мотивация берсем дагы ага баары бир. Азыр күндө жаңжал. Мен жумушка орношуп, иштеп жүрөм.Айлык алсам, азык-түлүктөрдөн башка эч нерсеге түтпөйт. Чынын айтканда аябай тажап кеттим. Эмне кылсам айтыңызчы ажырашып эле кетсемби же бакканым жакшыбы. Кеңеш бериңизчи, аябай тажап кеттим?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *