МУГАЛИМДЕР ИШ ТАШТАШТЫ

Кочкор районунун  Семиз-Бел айылындагы  мектеп мугалимдери иш таштап, нааразычылык акциясына чыгышты. Алардын негизги талабы ай сайын эмгек акыга кошулуп берилчү 20% кошумча акчанын алып салынышына нааразы экенин айтышууда. Нааразычылык акциясына мектептеги  мугалимдин 95% катышышкан. Калгандары акцияга катышышкан эмес Мектеп жамааты иш таштоо тууралу мектеп директоруна  бир жума мурун айтышкан Былтыр ноябрда райондук билим берүү башкармалыгы  «эмгек акыга  ай сайын кошулуучу акча мындан ары токтотулаарын» айткан. Бир жарым коефициент менен 20% кошумча буга чейин “бийик тоолуу аймак, шарты катаал” деген негизде айлыктарына кошулуп келген.