Москвадан күйөөм бир келин менен жашап алыптыр, балам экөөбүздү эшикке чыгарып койду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга 6 жыл болду. Ортодо 4 жаштагы бир балабыз бар. Экөөбүз жаңыдан баш кошкондо аябай кыйналдык. Ата-энебиз  жардам беришти. Анан көртирликтин айынан жолдошум “Москвага барып иштеп келейин” деди. Ата-энем жол киресин берип, жакшынакай кылып жөнөттүк. Жылдар өтүп жатты. Күйөөм башында жакшы акча салып, камкор болгону менен кийин таптакыр өзгөрүп кетти. Арадан эки жыл өткөндөн кийин баламды алып, Москвага артынан бардым.

Барганым курусун. Таптакыр эле мени көргүсү жок. Же “ажырашалы” деп айтып койбойт. Эчак эле бир келинди таап, жашап алыптыр. Өткөн-кеткенди, экөөбүздүн мамилебиз, жашообуз тууралуу айтсам, балам экөөбүздү жетелеп чыгарып, чемоданымды артымдан ыргытып койду.

Айла жок, барар жерибиз жок болгондуктан, жалдырап кечинде кайра кирдик. Бирок, ушундай адамды эш тутуп, күтүп, сагынып жашап келгениме өкүндүм. Ыйладым. Бармагымды кырча тиштедим. Ата-энеме акча салдырып, үйгө кайтып келдим.

Бир чети мындай адамдан эрте кутулганыма тобо кылам. Иштеп, окуп, жакшы жашоо алдыда экенине үмүтүм чоң. Ушундай адамдар бар экени өкүндүрөт. Мындайларга алданбагыла, кыздар!

Аргумент.kg