Урматтуу сайттын администратору, бул катымды ананимдүү түрдө жарыялап бересиз деп ишенем. Менин жаштыгым Кыргызстандыктардын баары кыйналып турган 1995-жылдарга туш келди. Канчалаган кыйынчылыкты баштан өткөрдүк, бир туугандардын улуусу болгондуктан жогорку билим алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Менден кийин 4 бир тууганым бар, иним экөөбүз жогорку билим албасак да, жаштайыбыздан атамды ээрчип курулушта иштеп жүрдүк.
Билинбей эле 11-классты аяктагандан кийин айылда туруктуу жумуш жоктугунан Москвага келдим. Бир жылдан ашыгыраак иштегенде менден кийинки иним да келди. Экөөлөп иштеп жүрүп айылдагы үйдү жаңыладык. Алгач иним, андан кийин мен үйлөндүм, эки карындашымды турмушка узаттык. Азыр мектепте окуган кенжетайыбыздан башкабыз турмушта ордубузду таптык.
Апам мугалимдин айлыгынын аздыгына канааттанбай Москвага келе берди. Соода борборлорунун бирине пол жуугуч болуп ишке кирген. Иши бир аз оор болгону менен айлыгы жакшы. Арадан бир жылдай убакыт өткөндөн кийин кокусунан апамдын вотсаптагы жазышууларын окуп калдым. Бир бала менен жазышкан сүйүү СМСтерин окуганда өзүмдү коёрго жер таппай калдым. АЛ бала менен качантан бери ысык мамиледе жүргөнү мага белгисиз, бирок ал баланы сураштырсам мени менен тең болуп чыкты. Ошондо апама болгон жек көрүү сезими бүт дүйнөмдү курчап алды.  2 уул, 2 кызды турмушка узатып, төртөөнөн тең небере көрүп калганда апамдын мындай жолго түшкөнүн эч кечире албадым. Айылда калган атамды ойлойм, ал билбей эле койсун деген чечим чыгардым.Себеби небере көрүп калганда ажырашып кеткенин кудалардын алдында каалабадым.
Апам ден-соолугуна байланыштуу айылга кеткенде аялым менен балдарымды жаныма чакыртып алдым.  Негедир апама болгон жек көрүү сезими тарабай койгондуктан айылга да барбай жүрөм. Окурмандар кеңеш бергилечи, мен канткенде апамды кечире алам? Эгер силердин башыңардан ушундай окуя өткөн болсо кандай чечим чыгарат элеңер?