Москвадагы күйөөмдү күтүп жүрүп оорукчан болуп калбаймынбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Сабыры таштан катуу айымдар! Менин турмушка чыкканыма 6 жыл болуп калды. Анын бир жарым жылын гана жолдошум менен чогуу жашадым, калган убакта ал Россияда эмгектенип келет. Кудайга шүгүр, эки уулум бар. Айта келсем менде баары жакшы, кайненем алтын аял, кайын журтум да жакшы адамдар. Болгону жолдошум жанымда көп болбойт. Өмүрүм аны күтүп жүрүп өтүүдө. Кээде сабырым түгөнүп, кетип калгым келет. Жанына барайын десем кайненем жалгыз калат, жолдошум үйдүн эң кичүүсү. Мына эки жыл болду, келе элек. “Ана барам, мына келем” деп коюп жүрөт. Бир нерсе десем эле “мен сага ойноп жүрөмүнбү?” деп кагып салат. Эрди-катындай деле сүйлөшпөйбүз. Ушинтип мага окшоп сабыр кылып жолдошун күткөн аялдарды байкасам, баары оорукчан болуп калышкан. Сабыр кылып жүрүп, мен да оорукчан болуп калбаймынбы (?) деп корком. Кандай кеңеш бересиздер? Ата-энем “сабыр кыл, эки балаң менен эч жерге батпайсың” дешет.

Айсулуу 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg