Москвада сабалган 10 жашар кыргыз кыздын укугун ким коргойт?

Бала багуу үчүн Москва шаарына барган Таңсулуу аттуу 10 жашар кыз бала бактыруучулар тарабынан кордолуп, сабалып жүргөн. Жыйынтыгында бөбөк жалтак, коркок болуп, моралдык жана психологиялык жактан катуу жабыр тарткан.

Интернет айдыңындагы маалыматтарган караганда, аны ата-энеси бала багып иштөө үчүн Россияга салып жиберген. Таңсулуунун ата-энесине бала бактыруучулар айына 8000 сом төлөп берүүнү убадалашкан.

Бала баккан секелек кыз Өзгөн районунан болоору такталды. Азырынча тиешелүү органдар бул туурасында эч кандай маалымат берише элек. Ал эми бөбөктүн ата-энеси жоопко тартылабы же жокпу ал жагы азырынча бүдөмүк…

ИИМден “- Баланын ата-энеси жоопко тартылабы?” – деп сураганда, “- Биз башка мамлекеттин ичиндеги иштерге кийлигише албайбыз, ТИМ гана нота жөнөтө алат. Бирок, маалыматты дагы тактап көрөлү”, – деп жооп беришти.

Ал эми ТИМ биздин кайрылуубузду кабыл алып, жооп берген жок.

Зомболо