Москвада кыргызстандык жигиттер сойку болуп жүрүшкөн

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Россиянын Москва шаарына Тажикстан менен Кыргызстандан барган сойку-трансгендерлер кармалганын «Mash» Telegram-каналы билдирди.

Андагы маалымат боюнча, кармалган жарандар 22 жашта, алар Москвага эмгектенүү максатында барышкан. Ата-энесине айлык маянасы жогору жумушта эмгектенип жатышканын айтып, бул маалда ижарага алган батирде эркектерге кызмат көрсөтүп турушкан.

Кардарлардан саатына 5-6 миң рубль алышчу. Аларды тешкерүү менен барган полиция кызматкерлери колго түшүргөн.

Кылмыш иш Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси (сойкулукту уюштуруу) менен козголду.

Аргумент.kg