Коом

Москвада квартирант бала менен жакын болуп, күйөөм…

Саламатсыздарбы мага кеңешиңиздер керек. Турмушка чыкканыма 8 жыл болду. 4 жыл төрөбөй Россияда  иштеп жүрдүк. Жолдошум экөөбүз үй алдык, жер алдык. 4 жыл жашагандан кийин эко жолу менен боюмда болуп, уул төрөдүм. Бирок балам оорулуу болуп төрөлүп калды. Алланын насиби менен операция жолдору менен жакшы болдук, Аллага миң мерте шүгүр. Азыр Москвадабыз квартира ижарага алганбыз. Жолдошум алыс жактарга барып иштейт.  Ошентип бир күнү квартирага бир бала келди. Менден 2 жаш кичүү. Ошол менен сүйлөшүп жүрүп жакын болуп кеттик. 3 баласы бар, келинчеги КРда экен. Ал мени күйөөң менен ажыраш, экинчи аял кылып алам дейт.. Орто жолдо эмне кылышымды билбей калдым.Кеңеш берип кетиңиздерчи? Экинчи болуп тийсең экөөңдү бирдей караймын дейт. Ишенсе болобу ?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *